Дарыканаларда препараттардын баасын көзөмөлдөө боюнча рейд жүрүүдө.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей,
жүргүзүлүп жаткан текшерүү иштеринин алкагында 4 фармацевтикалык компания
бааларды жогорулатканы аныкталды. Аларга 112 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
Эреже бузуу кайталанса лицензиялары каралат, — деп белгиледи министр