ЕККУнун төрагасы Иан Борч Кыргызстанга келди

ЕККУнун учурдагы төрагасы, Мальтанын тышкы, европалык иштер жана соода министри Иан Борч Кыргызстанга сапар менен келди. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сапар учурунда Иан Борч Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана УКМК Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев менен жолугушат.

 

Тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле Мальта төрагалыгынын күн тартибиндеги учурдагы маселелерди талкуулашат.

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.