Гүлназ Жүзбаева Париж Олимпиадасына жолдомо утуп алды

Жеңил атлетика боюнча параспортчу Гүлназ Жүзбаева Швейцарияда өткөн лицензиялык мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.

 

Ал 1 миң 500 метр аралыкты 6 мүнөт 18 секундда чуркап өтүп, Париж Олимпиадасына жолдомо утту.

 

Жайкы Олимп оюндарына ушуну менен Кыргызстандын капчыгында 15 лицензия бар.