Эд Ширан 10 жыл мурун уюлдук телефондон баш тарткан

Ырчы Эд Ширан 10 жыл мурун уюлдук телефондон баш тарткан. Ал байланыш үчүн электрондук почтаны колдонот. Каттарды окууга болсо күнүнө бир сааттан ашык эмес убактысын жумшайт.

 

Ширан атактуу болгондо анын контактында 10 миң номер бар экени белгилүү болгон. Бир жолу артист Джейк Шейндин подкастын жаздырууга катышкан. Алып баруучу музыканттан номерлерин алмашууну сунуштаганда ал смартфонум жок деп жооп берген жана 2015-жылдан тарта байланыш номери жок экенин билдирген.