Эртең “Жылдын мыкты спортчулары” сыйланат.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чара
дүйнөлүк мелдештерге катышкан спортчулардын кызыл
килемден өтүшүнөн башталып, салтанаттуу азем менен
коштолот. Муну менен быйыл сыйлык тапшыруу аземи 7-ирет
уюштурулат. Спортчуларды сыйлоо иш-чарасы филармонияда өтөт.