Көмүрдүн баасын көзөмөлдөө үчүн атайын комиссия түзүлдү

Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көмүрдүн баасын көзөмөлдөө

үчүн атайын комиссия түздү. Комиссиянын курамына Салык кызматынын, ички иштер

органдарынын, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин,

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жана

ММКлардын өкүлдөрү кирди. Алар кара отун сатуу базаларында рейд жүргүзөт.

Пландалгандай мындай комиссиялар республика боюнча пайда болот.