Каракол шаарына чейин темир жол курулат

Каракол шаарына чейин темир жол курулат.

 

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Өлкө башчынын айтымында, учурда Балыкчыдан Макмалды көздөй темир жолдун курулушу жүрүүдө. Ал өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырат.

 

Андан тышкары, Балыкчыдагы темир жол участогу алгач Тамчы аэропортуна чейин, андан кийин Караколго чейин узартылат.