Кассалык-көзөмөл аппараттарын киргизүүдө ишкерлер үчүн шарттар максималдуу түрдө жеңилдетилет

Кассалык-көзөмөл аппараттарын киргизүүдө ишкерлер үчүн шарттар максималдуу түрдө жеңилдетилет. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров эске салгандай, алкоголдук продукцияны, курамында алтын бар буюмдарды жана мунай заттарды саткан бизнесмендер милдеттүү түрдө ишинде кассалык аппараттарды колдонушу керек.

 

Ал эми жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган кичи жана орто бизнес өкүлдөрүн салык төлөөдөн бошотуу чечими кабыл алынды.

 

Өкмөттөн белгилешкендей, бизнестин айрым категорияларына кассалык аппараттарды киргизүү боюнча өзгөчө шарттар берилет. Тизме кийинки жумада каралат.