Казакстанда өзгөчө жаңы жылдык балаты жасалды.
Хабар билдиргендей, Нур-Султандын борборунда жиптен токулган 6 метрлик балаты орнотулат.
Кыш сулуусу үчүн кооздуктар 20-20 сантиметр өлчөмдөгү ар кандай түстөгү трикотаж
төрт бурчтуктардан турат. Балатыны токуганга 100дөн ашык адам катышты.
Кыш сулуусу улуттук колоритти камтыйт.