Кемин районуна күн электр станциясы курулат

Кемин районуна күн электр станциясы курулат. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Маалыматка караганда, тиешелүү макулдашуу чет элдик инвестор менен жетишилди. Ага ылайык, аталган аймакка кубаттуулугу 80 МВт болгон күн батареялары орнотулат.