Килиан Мбаппе Чемпиондор Лигасынын алкагында тарыхый рекорд орнотту

“ПСЖнын” чабуулчусу Килиан Мбаппе Чемпиондор Лигасынын алкагында тарыхый рекорд орнотту. Форвард бир сезондо катары менен 5 гол киргизген алгачкы футболчу болду.

 

Эске салсак, буга чейин “ПСЖ” 3:2 эсебинде жарым чейрек финалда “Баварияны” утуп алды. Мбаппе беттеште дубль ишке ашырды. Экинчи гол командага жеңиш алып келди. “ПСЖ” – “Бавария” клубдарынын жооптуу оюну 13-апрелде өтөт.