Кочкордо ипотекага 5 кабаттуу үй курулат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу Кочкор районунда 5 кабаттуу турак жайдын курулушуна капсула салды.
Анын айтымында, учурда республика боюнча 11 миңден ашык батир курулуп жатат. Жыл аягына чейин 5 миңдейи колдонууга берилет.