Эртең Кыргызстандын бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” кагылат. Салтанат эртең мененки саат 9да башталат.
Иш-чаранын жүрүшүндө ар бир мектепке милиция кызматкерлери жана кайгуул-күзөт бөлүмдөрү бөлүнөрүн Ички иштер министрлиги билдирди. Мекеме ата-энелерди бүтүрүүчүлөргө унаа башкартоого, сууга түшүүгө тыюу салууга чакырып, эреже бузуулар болсо дароо милицияга кайрылууну өтүнөт.
Быйыл өлкөдө 73 миң окуучу 11-классты аяктап жатат.