Кыргыз-кытай чек арасы эртең ачылат

Кыргыз-кытай чек арасы эртең ачылат. Бизге Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, коңшу мамлекетте коронавирус жайылганына байланыштуу, чек ара бекеттерин жаап туруу суроосу көтөрүлгөн жок.

 

Андыктан, эртең “Иркештам” жана “Торугарт” өткөрүү түйүндөрү адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүсүн жандандырат. Эске салсам, алар 24-январда Кытайда Жаңы жыл белгиленгенине байланыштуу жабылган болчу.