Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал чыккан аймакта ондогон объектилер өрттөндү

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал чыккан аймакта ондогон объектилер өрттөндү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Лейлек районунун Максат айылында 10 турак-жай, Кулунду айылында 2 үй күйүп кетти.

 

Андан тышкары, Баткен районунда 9 үй, 10 май куючу станция, 2 ресторан, 8 дүкөн, чек ара заставасы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин имараты өрттөндү.   Ак-Сай, Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактарында чукул кырдаал режими киргизилди.