Кыргызстанда дагы 112 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 112 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 60, Ошто 2, Чүйдө 35, Нарында 3, Ысык-Көлдө 10, Жалал-Абадда 2 бейтап ооруканадан чыгарылды.

 

Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 85 миң 719 адам коронавирусту жеңди.