Кыргызстанда дагы 161 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 161 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 97, Ошто 5, Чүйдө 44, Таласта 2, Нарында 1, Ысык-Көлдө 12 бейтап ооруканадан чыгарылды.

 

Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 87 миң 390 адам коронавирусту жеңди.