Кыргызстанда дарыгерлердин айлыгы сентябрда 50 пайызга көтөрүлөт

Кыргызстанда дарыгерлердин айлыгы сентябрда 50 пайызга көтөрүлөт.

 

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, медайымдардын маянасы 20 пайызга, кенже медициналык кызматкерлердин айлыгы 10 пайыз жогорулайт.

 

Буга чейин саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, 1-июлдан тарта айрым категориядагы дарыгерлерге 20 миң сомдук үстөк акы төлөнөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.