Кыргызстанда сүттүн баасын жөнгө салуу үчүн тарифтик график киргизилет

Кыргызстанда сүттүн баасын жөнгө салуу үчүн тарифтик график киргизилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

 

Тарифтик графиктеги баалар – аймакка, орточо айлык акыга, тоюттун наркына жана сомдун курсуна жараша иштелип чыгып, Монополияга каршы кызмат тарап менен макулдашылган.

 

Таблица сүттү сатып алган ар бир заводго орнотулат жана алып-сатуу ошонун чеги менен жүргүзүлөт. Эгерде сүттүн майлуулугу 3,4% болсо, завод кабыл ала турган баа 35 сомду түзөт. Анда ортомчулар калктан сүттү 30 сомдон алууга милдеттүү болот. Калган нарк сүттүн майлуулугуна карап плюс-минус болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.