Кыргызстандын ар бир облусунда күзүндө коронавируска ПЦР  анализ алуу үчүн 8 лаборатория ачылат

Кыргызстандын ар бир облусунда күзүндө коронавируска ПЦР  анализ алуу үчүн 8 лаборатория ачылат. Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун айтымында, ведомство зарыл болгон жеке коргонуучу заттарды, аппараттарды сатып алып, обсервацияларды даярдайт.

 

Медициналык жайлар сатып алууга тендерлерди жарыялап баштады. Абдикаримов белгилегендей, биринчи кезекте 8 оорукананын инфекциялык бөлүмдөрү оңдоп-түзөөдөн өтөт.