Кыргызстандын бардык саламаттыкты сактоо жайлары иштин күчөтүлгөн режимине өттү

Кыргызстандын бардык саламаттыкты сактоо жайлары иштин күчөтүлгөн режимине өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ализа Солтонкулова билдирди. Бизге ведомстводон такташкандай, мындай чара Баткен облусундагы окуяларга байланыштуу кабыл алынды.

 

Мындай режим абал толугу менен турукташканга чейин күчүндө болот.