Кыргызстанга Германиянын федералдык президенти келди

Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Анда белгиленгендей, Штайнмайерди «Манас» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.
Иш сапардын алкагында Германия президенти Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен жолугат.
«Анда тараптарды өз ара кызыктырган кыргыз-герман өнөктөштүгүн чыңдоо жана мындан ары кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат», — дешти өкмөттөн.