Өлкөнүн күрөш боюнча өспүрүмдөр командасы Сербиядагы мелдештен 5 медаль жеңип келишти

Өлкөнүн өспүрүм спортчулары Сербияда өткөн күрөш боюнча бүткүл дүйнөлүк мелдештен байгелүү кайтып келишти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган турнирде Свердлов районундагы Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин спортчулары жана грек-рим күрөшү боюнча Ленин районундагы спорт мектептин тарбиялануучулары байгелүү орундарга жетишкен. Алар:
Нурболот Сыргабай уулу (15 жашка чейин) — алтын;
Сабит Шамшединов (15 жашка чейин) — алтын;
Саламан Данияров — алтын;
Бакыт Жакыпбеков — күмүш;
Эржан Акылбек уулу — коло.
Эске салсак, күрөш боюнча «ISF U 15 World School Sport Games» аталышындагы бүткүл дүйнөлүк мелдеш 12-14-сентябрь күндөрү Сербиянын борбору Белград шаарында болуп өттү.