«Манас» аэропортуна Инчхон–Бишкек–Загреб багыты боюнча транзиттик каттам келди

«Манас» аэропортуна Инчхон – Бишкек – Загреб багыты боюнча транзиттик каттам келди. Аба майдандан билдиришкендей, каттам жумасына үч жолу аткарылат.

 

Учак май куюу учурунда 350 жүргүнчү кафелердин, дүкөндөрдүн кызматтарынан жана «Манас» аэропортунун башка артыкчылыктарынан пайдаланып, терминалдын ыңгайлуу шарттарында эки саатка чейин убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышат, — деп айтылат маалыматта.