Министрлер кабинети өлкөгө алып келинген мобилдик түзүмдөрдүн идентификациялык системасын түзүүнү сунуштап жатат

Министрлер кабинети өлкөгө алып келинген мобилдик түзүмдөрдүн

идентификациялык системасын түзүүнү сунуштап жатат.

Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев билдиргендей,

мындай система байланыш жабдууларын мыйзамсыз жеткиргендерге жана

туура эмес ниеттеги импортерлорго каршы чара көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Андан тышкары, республикага контрафакт жолу менен келген продукция азаят.