Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары ант беришти

Министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрү Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында ант берди.

Тактап айтканда, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына дайындалган Адылбек Касымалиев жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болгон Бакыт Төрөбаев ант берди.

Белгилеп кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынына президент Садыр Жапаров катышууда.