Ноокатта селдин кесепеттерин жоюуга 600дөн ашык киши тартылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Оштун Ноокат районунда 28-июнда болгон селдин кесепеттерин жоюуга жалпы 637 адам тартылганын билдирди.

 

Мекеменин маалыматына ылайык, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында селдин кесепеттерин жоюу жана издөө иштерине министрликтен 127 куткаруучу, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 60 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 450 адам тартылды.

Андан тышкары 19 техника иштеп жатат.

 

Кырсык 28-июнда болжол менен саат 16:10 чамасында Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында болгон. Нөшөр жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сел өтүүчү сайына суу толгон. Расмий маалымат боюнча, сел жети адамды агызып кетип, беш кишинин сөөгү табылды. Эки адам изделип жатат. Райондо өзгөчө кырдаал жарыяланды.

 

Сел кеминде эки көпүрөнү, 10 электр мамычасын агызып, 10 үйдүн короосуна кирген.

Издеп-куткаруу иштерине Ош шаарынан, Араван жаан Кара-Суу райондорунан да куткаруучулар тартылууда. Ишти өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов координациялоодо.

 

24-июнда Баткен облусундагы Кадамжай районунун Жеңиш айылында беш жашар бала селге агып каза тапкан. Өткөн аптада Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жаштагы өспүрүм селге агып көз жумган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.