Ноокатта селдин кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 130 куткаруучу жана 7 техника тартылды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Ал эми Жарандык коргонуу кызматынан 450 адам жана 30га жакын техника жеринде иш алып барууда.
Белгилеп кетсек, Ноокат районунун аймагында сел Тескей-Кожоке айылында 25 турак үйдүн короо-жайын, 1 мектепке чейинки билим берүү мекемесин, Тажи-Кыштак айылынында 8 турак үйдүн короосун, Гулистан айыл аймагында 4 турак үйдүн короо-жайын каптап, 3 үй жараксыз абалга келди.
Табият кырсыгы 9 адамдын өмүрүн алды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.