Ош облусунда 81 миллион сомго бала бакча курулат

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы бала бакча курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.

 

Тендердин жалпы суммасы 81 миллион 734 миң сомду түзөт. Бул акчага Өзгөн районунун Красный Маяк айылындагы эски мектептин аймагына 120 орундуу бала бакча куруу пландалууда.

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.