Ош шаарынын Калкты тейлөө борборунда Социалдык фонддун терезеси ачылды

Ош шаарынын Калкты тейлөө борборунда Социалдык фонддун терезеси ачылды.

 

Бул тууралуу ведомство төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Эми жарандарга борбордо пенсия дайындоо, кайра эсептөө, маалымкат берүү, пенсиялык күбөлүк берүү жана башка тиешелүү кызматтар көрсөтүлөт.

 

Калкты тейлөө борбору Касымбеков, 8 дарегинде жайгашып, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин иштейт.