Ошто Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадионунда 76 миллион сомго оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт

Ошто Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадионунда 76 миллион сомго оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Тиешелүү тендерди Ош мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырды.

 

Андагы маалыматка караганда, стадионго ФИФАнын талабына ылайык гибриддик көк майсан жана чуркоо аянтчасына резина төшөлөт.

 

Белгилеп кетсек, аталган стадион өткөн жылы эле 20 миллион сомго реконструкцияланган.

 

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.