Ошто күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан табигый кырсыктан жабыркагандар жок экенин билдирди.

 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 16:15те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3,5 баллга, Кара-Киндик жана Сары-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.