Президенттин ишкерлерди коргоо боюнча сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды

Президенттин ишкерлерди коргоо боюнча сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

 

Анда ишкерликти каттоодо ишине кийлигишип, тоскоолдук кылган кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүү жана экономикалык кылмышка айыпталгандардын бөгөт чарасын жеңилдетүү сунушталган.

 

Документке ылайык, кызмат адамы жеке ишкерди же юридикалык жакты каттоодон, уруксат берүүдөн баш тартып, качып, ишине кийлигишсе, андан олуттуу зыян келтирилсе 500 миңден 1 миллион сомго чейин айып салынат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.