Сингапурда көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына мышык багууга уруксат берилет

Сингапурда көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына мышык багууга уруксат берилет. Жаныбарларды батирлерде кармоого 35 жыл бою тыюу салынып келген. Муну мышыктар коңшуларга ыңгайсыздык жаратуучу үндөрдү чыгарышы менен түшүндүрүшкөн.

 

Учурда батирде мышык баккандар 3 миң доллар айып төлөйт. Бирок сентябрдан баштап эрежелер өзгөрөт.

 

Мышык алгысы келген адам атайын окуу курсунан өтүп, үй жаныбарына чип тагылып, белгиленген тартипте каттоодон өткөрүшү керек.