Кыргызстанда социалдык долбоорлордун алкагында 50 миңден ашык аялуу үй-бүлөгө жардам берилди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги соңку эки жылда жолдорду, сугат арыктарын калыбына келтирүү жана инфраструктураны жакшыртуу долбоорлоруна катышканы үчүн дээрлик 42 миң үй-бүлө өсүмдүк майы жана ун өңдүү азык-түлүк алышканын билдирди. Дагы 9 миң үй-бүлөгө жалпысынан 100 миллион сомдон ашык каражат эмгек же окуу үчүн берилди.
Ошондой эле эң натыйжалуу долбоорлордун бири катары “Социалдык контракт” белгиленди. Долбоор бул жылы 23 миң аз камсыз үй-бүлөнү камтыйт.