Социалдык фонд 78 чет өлкөлүккө пенсия чектеди

Кыргызстандын Социалдык фонду 78 чет өлкөлүккө пенсия чектеди. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттери менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген.

 

Макулдашууга ылайык, ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагында эмгек же башка ишмердик кылуу аркылуу пенсиялык укуктарды түзүлөп жаткан же түзүлгөн Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары эмгекчилер болуп саналат.

 

Учурда Социалдык фонд тарабынан 78 жаранга пенсия чектелди, анын ичинен Россиянын 69 жараны (1 жаран Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык пенсияга өткөн, 1 жаран узак мөөнөткө төлөнбөгөндүктөн пенсиясы токтотулган), Казакстандын 8 жараны (анын ичинен 2 жаран арызынын негизинде пенсиялары токтотулган), Беларустун бир жаранына (Кыргызстандын улуттук мыйзамдарына ылайык пенсияга которулган) пенсия чыкты.

 

Ошондой эле Россия Кыргызстандын 51 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди.