«Сосновка» жана «Арал» постторундагы чектөө алынды

Бүгүн, 9-апрелде саат 07:00дө «Сосновка» жана “Арал” постторунда жүк ташуучу унаалардын каттамына киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 8-апрель күнү саат 19:00дөн тартып Жайыл районунун «Сосновка» жана Токтогул районунун «Арал» постторунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген. Учурда чектөөлөр алынды.