Алматыда кулаган учактан каза болгон адамдардын жакындарына 4 миллион теңгеден берилет

Алматыда кулаган учактан каза болгон адамдардын жакындарына 4 миллион теңгеден берилет. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин билдирди. Эске салсак, Алма-Атадан Нур-Султанга бет алган аба кемеси кечээ эртең менен кыйрады. Ал курулуп жаткан имаратка кулаган. Бортто 98 адам болгон, алардын ичинен 12 киши каза болгону… Кененирээк…

Алматада кыйраган учакта 1 кыргызстандык болгон

Алматада кыйраган учакта 1 кыргызстандык болгон. novosti.kgге Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, мекендеш тууралуу азырынча так маалымат түшө элек. Белгилүү болгондой, ал жараат алып, учурда ооруканада.   Кыргызстандын Генералдык консулдугунун кызматкерлери ага жөнөп кетти. Эске салсак, Алматадан Нур-Султанга бет алган  аба кемеси бүгүн эртең менен кыйрады.… Кененирээк…

Тышкы иштер министрлиги Алматыда кулаган самолетто кыргызстандыктар бар-жогун тактап жатат

Тышкы иштер министрлиги Алматыда кулаган самолетто кыргызстандыктар бар-жогун тактап жатат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы novosti.kg ге билдирди. Учурда башкы консулдуктун кызматкерлери кырдаалды көзөмөлдөп жатышат. Эске салсак, Бек-Эйр авиакомпаниясынын лайнери бүгүн эртең менен кулады. Учак Алма-Ата аэропортунан учуп чыгып, 2 кабаттуу курулушту сүзүп, бийиктикти жоготту.… Кененирээк…

Алматыда 100 киши түшкөн учак кулады

Алматыда 100 киши түшкөн учак кулады. Самолет аталган шаардан Нур-Султан калаасына карай учкан. Маалымат каражаттары 9 адам каза болгонун жазууда. Алматы аэропортунун маалыматы боюнча, учак жергиликтүү саат 7ден 5 мүнөт өткөндө учуп чыгып, бир аз убакыт өткөндөн кийин радардан көрүнбөй кеткен. «Bek Air компаниясына таандык… Кененирээк…

Ошто Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин агенттигинин башчысын атып кетишти

Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» агенттигинин кызматкери Сапар Бакыевди атып кетишти. Аны ким өлтүргөнү азырынча белгисиз.   Шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдиргендей, сөөгүн 25-декабрда кечинде өзү жашаган Озгур конушунан «Тез жардам» менен алып келишкен. Маркумду башка атышкан.… Кененирээк…

Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолуна дагы кар көчкү түштү

Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолуна дагы кар көчкү түштү. Аталган трасса кыймылга жабык. Бул тууралуу Унаа жана жол министрлигинен novosti.kg ге билдиришти. Маалыматка караганда,  Ош облусунун Кара-Кулжа районунда аталган тилкенин 77-чакырымына кар массасы түштү. Учурда аталган тилкеде атайын техника жана жолчулар карды тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Эске… Кененирээк…

Ошто суу каптаган шахтадан жоголгон жарандын денеси табылды

Ошто суу каптаган шахтадан жоголгон жарандын денеси табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Оштун Баглан айылына жакын жерде жайгашкан шахтаны суу каптаган. Анын ичинде Кызыл-Кыя шаарынын 1996-жылкы тургуну калып калган. Куткаруучулар сууну сордуруп, издөө иштерин жүргүзүштү. Каза тапкан жарандын денеси түндө табылып,… Кененирээк…

Ошто суу каптаган шахтадан жоголгон жаран изделүүдө

Ошто суу каптаган шахтадан жоголгон жаран изделүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Баглан айылына жакын жерде жайгашкан шахтаны суу каптаган. Анын ичинде Кызыл-Кыя шаарынын тургуну калып калган. Шахтадагы сууну сордуруп, издөө иштерин жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу тартылды, — дешти министрликтен. Эске салсак,… Кененирээк…

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кар көчкү түштү

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 75-85-чакырымдарына көлөмү 6 миң куб метр кар массасы түштү. Жабыркагандар жок. Учурда аталган трасса убактылуу кыймылга жабылды. Аталган тилкеде атайын техника жана жолчулар карды тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш Кыя, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жана Каракол-Эңилчек жолдорунда кар массалары түшүшүшү күтүлөт. Айдоочулар өзгөчө этият болуп, унаалар аралык 500 метрди сакташы кажет.