Окумуштуулар шоколаддын 8 пайдасын атап беришти

Окумуштуулар шоколаддын 8 пайдасын атап беришти. Маалыматка караганда таттуунун курамындагы антиоксиданттар кычкылтектин сиңишине жардам берип,  андагы нитриттер организмди көтөрүмдүү, чыдамкай кылат. Мындан тышкары, какаосу көп шоколад магний, темир, цинк, кальций сыяктуу витамин менен минералдарга бай. Ошондой эле шоколад жегендердин маанайы көтөрүлүп, көп ачууланбай, мээнин иштешин,… Кененирээк…

Дүйнөнүн эң күчтүү мамлекеттери аталды

Дүйнөнүн эң күчтүү мамлекеттери аталды. Америкалык U.S.News басылмасы түзгөн тизмеде биринчи орунда АКШ, экинчиде Россия, үчүнчүдө Кытай жайгашты. Рейтингди түзүүдө мамлекеттердин ички дүң өндүрүмү, калкынын саны жана башка маанилүү көрсөткүчтөр эске алынды.   Журналисттердин баамында алдуу-күчтүү өлкөлөр тууралуу көп маалымат жазылат, саясий аренада чоң таасири… Кененирээк…

Forbes журналы өтүп бараткан жылдагы дүйнөдөгү эң таасирлүү 100 аялдын рейтингин түздү

Forbes журналы өтүп бараткан жылдагы дүйнөдөгү эң таасирлүү 100 аялдын рейтингин түздү. Анда Германиянын канцлери Ангела Меркель 9-ирет лидер аталды. Басылмадан белгилешкендей, Меркель иммиграттарга каршы күрөшүүсүнүн натыйжасында сап башын кармап турат. Ал эми рейтингтин экинчи жана үчүнчү сабында Эл аралык валюттук фондунун мурушку башчысы Кристин… Кененирээк…

Түркияда Чыңгыз Айтматовдун айкели жана анын атындагы сейил багы ачылды

Түркияда Чыңгыз Айтматовдун айкели жана анын атындагы сейил багы ачылды. Ал Анкара шаарынын Кечиөрен аймагында жайгашкан. ТҮРКСОЙ эл аралык уюму өткөн жылды «Чыңгыз Айтматов жылы» деп жарыялаган. Ушундан улам жыл бою Түркиянын ар тарабында залкар жазуучуга арналган бир канча иш-чаралар өттү. Мындан тышкары, Түркиянын чоң… Кененирээк…

Амстердамда дүйнөдөгү эң жаш дипломдун ээси 9 жаштагы вундеркинд боло албайт

Амстердамда дүйнөдөгү эң жаш дипломдун ээси 9 жаштагы вундеркинд боло албайт. Бала үчүн ата-энеси Бельгиядан Нидерландияга көчүп барган жана бул тууралуу мурда билдиргенбиз. Эми бала билим алып жаткан университеттин жетекчилиги ага диплом берүүдөн баш тартты. 26-декабрда бала 10 жашка толгончо, анын ата-энеси дипломдуу болуп калышын… Кененирээк…

Сүйлөгөн мышык адамдарды таң калтырууда

Сүйлөгөн мышык адамдарды таң калтырууда. Социалдык тармакта Гамбино аттуу мышыктын англисче «Well, hi!» депүн чыгарган видеосу көп көрүлүүдө. Видеодо Гамбино башка мышыктардан качып барып муздаткычтын артына жашынып калган. Ээси анын артынан камерасын көтөрүп чуркап барганда адамдай сүйлөгөн. Бул ролик бир нече миллион жолу көрүлдү. Маалыматка… Кененирээк…

Twitter тиркемеси эң көп талкууланган темаларды жарыялады

Twitter тиркемеси эң көп талкууланган темаларды жарыялады. Биринчи орунда Нотр-Дамдагы өрт, экинчиде Япониядагы “Хагибис” тайфуну ал эми үчүнчүдө Гонконгдогу нааразычылыктар, климаттыр протесттер аталды. Ошондой эле көп талкууга алынган саясатчы деп АКШнын президент Дональд Трамп жана Россиянын өлкө башчысы Владимир Путин экени белгилүү болду.

Дүйнөдө эң жаш премьер-министр 34 жаштагы Санна Марин парламентте ант берип кызматка киришти

Дүйнөдө эң жаш премьер-министр 34 жаштагы Санна Марин парламентте ант берип кызматка киришти. Ал буга чейин транспорт министри болчу. Марин саясатка университетти аяктай электе аралаша баштаган. Кошумчаласак, Финляндиянын жаңы премьери украин өкмөт башчысы Алексей Гончарук менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындан бир жаш кичүү.

Франциялык «ПСЖ» клубу келерки жайда чабуулчу Неймарды 180 миллион еврого сатууга даяр

Франциялык «ПСЖ» клубу келерки жайда чабуулчу Неймарды 180 миллион еврого сатууга даяр. Буга чейин бразилиялык спортчуну алуу боюнча «Барселонадан» франциялык клубга сунуш түшкөн. Бирок, «ПСЖ» ал сунушка макул болгон эмес. Эми «ПСЖ» Неймарды мурункудай 300 миллион эмес, 180 миллион еврого сата турганын айтууда. Белгилей кетсек,… Кененирээк…

Россиянын Ростов-на-Дону шаарынын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы коюлат

Россиянын Ростов-на-Дону шаарынын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы коюлат. Бул тууралуу Ростов өкмөтүнүн расмий сайтында жарыяланды. Белгилеп кетсек, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов залкар жазуучунун атын көчөгө ыйгаруу тууралуу Ростов облусунун губернатору Василий ГОлубевго сунуштаган.