Өлкөнүн башкы унаа жолдору кыймылга ачык

Өлкөнүн башкы унаа жолдору кыймылга ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Ош, Бишкек – Нарын – Торугарт, Талас – Тараз – Суусамыр, Ош – Сарыташ – Эркечтам жана башка трассаларда кар тазаланып, жолчулар тарабынан инерттүү материал себилүүдө.   Кооптуу тилкелерде нөөмөт жүргүзүлүп жатат.… Кененирээк…

Аба ырайына байланыштуу үч унаа жолу убактылуу жабылды – тизме

Өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу жана адам өлүмүнө жеткирбөө максатында, үч унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлиги билдирет.   Алар: Бишкек – Нарын –Торугарт унаа жолунун 194-чакырымынан 168-чакырымына чейин (Кочкор району); Ала-Бука –Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 34-101 жана… Кененирээк…

Бишкек – Нарын – Торугарт трассасындагы Кубакы ашуусу жолдун тайгагынан улам эки тараптуу жабылды

Бишкек – Нарын – Торугарт трассасындагы Кубакы ашуусу жолдун тайгагынан улам эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады. Чектөө кечээ кечинде киргизилген.   Жүргүнчүлѳр Балыкчы – Нарын каттамы аркылуу жүрүп жатат. Айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө аталган каттам менен жолго чыкпай туруу эскертилди.

Бишкек – Алматы унаа жолу убактылуу жабылды

Бишкек – Алматы унаа жолу убактылуу жабылды.   Бул аба-ырайынын шарттарына ылайык, “Кордай” ашуусу чектелгенине байланыштуу, — деп билдиришти Чек ара кызматынан. Андан такташкандай, кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү түйүндөрү штаттык режимде иштеп жатат.   Алыскы сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга аба-ырайынын божомолун карап, зарылчылык жок… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек – Ош унаа жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, кар жаап, бороон болуп жатканына байланыштуу, жол кырсыктарын алдын алуу максатында “Сосновка” түйүнү аркылуу жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөйт.   Мындай чектөө аба-ырайынын шарттары жакшырганга чейин күчүндө болот.   Жеринде жолчулар… Кененирээк…

Өлкөнүн ашууларында унаа кыймылына чектөөлөр жок

Өлкөнүн ашууларында унаа кыймылына чектөөлөр жок. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, кооптуу тилкелерде нөөмөт уюштурулуп, жолчулар тарабынан кар тазалоо, инерттүү материал себүү иштери жүрүп жатат.   Тоолуу райондор аркылуу сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга этият болуп, жол эрежесин жана коопсуз аралыкты сактоо сунушталат.

Өзгөндө айланма жолду куруу уланууда

Өзгөндө айланма жолду куруу уланууда. Бул тууралуу “Акчабар” Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Талантбек Имановго шилтеме келтирип билдирет.   Анын айтымында, курулуш алдына атайын база түзүлүп, анда кичи цемент заводу, таш майдалоо цехи жана башка зарыл объектилер ачылган. Жумуштар ушул жылдын аягына чейин жыйынтыкталып, 2025-жылдын… Кененирээк…

Өлкөнүн башкы жолдору унаа кыймылына ачык

Өлкөнүн башкы жолдору унаа кыймылына ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Ош, Бишкек – Нарын – Торугарт, Каракол – Эңилчек трассаларында жолчулардын нөөмөтү уюштурулуп, кардан тазалоо, инерттүү материалдарды себүү иштери байма-бай жүргүзүлүп жатат.   Тоолуу райондорго сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга эрежелерди так… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолунда унааларга киргизилген чектөө дале күчүндө

Бишкек – Ош унаа жолунда унааларга киргизилген чектөө дале күчүндө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чара тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу жаралгандыктан кабыл алды.   Трасса ачык, бирок “Сосновка”, “Арал” посттору аркылуу унаалар 500 метрлик аралыкты сактоо менен өткөрүлүп жатат. Мындай чектөө бүгүн… Кененирээк…

Өлкөнүн башкы магистралдарында унаа кыймылына чектөөлөр жок

Өлкөнүн башкы магистралдарында унаа кыймылына чектөөлөр жок. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, бардык ашууларда, тоолуу трассаларда жолчулар тынбай иштеп, кардан тазалоо жана инерттүү материал себүү иштерин жүргүзүүдө.   Тоолуу аймактарга сапарга чыга турган айдоочуларга этият болуп, жол эрежелерин так сактоо сунушталат.