Талас облусунда тамактануучу жайда газ баллон жарылып, 11 адам жабыркады

Талас облусунда тамактануучу жайда газ баллон жарылып, 11 адам жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, алар Кара-Буура райондук ооруканасына жеткирилди.

 

Айрым маалыматтарга ылайык, Кызыл-Адыр айылындагы тамактануучу жайда газ баллон жарылып кеткен. Кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.