Тараз – Покровка – Кайыңды унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Талас облусуна караштуу Тараз – Покровка – Кайыңды унаа жолуна асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, быйыл аталган жолдун үч чакырымын оңдоо каралып, бүгүнкү күндө бир чакырым аралыгына асфальт жаткырылды.

 

Жеринде «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №48 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.