Тажикстанда коронавируска чалдыккандардын саны 128ге жетти

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги жекшембиде COVID-19га чалдыккан 52 жаңы бейтап катталганын билдирди. Коңшу өлкөдө илдетке кабылгандардын саны 128ге жетти.

 

Бул тууралуу мамлекеттик телеканалдын кечки программасында учкай гана айтылды. Соңку күндөрү 200 кишиден анализ алынып, үйлөрүнө жиберилгени маалым болду.

 

Тажикстан 15 кишиден корноавирус аныкталганын 30-апрелде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун делегациясы келердин алдында жарыялаган. Өлкө бийлиги бул бейтаптардын диагнозу 29-апрелде гана тастыкталганын билдирген. Ишембиде 76 кишиге вирус жугуп, эки бейтап көз жумганы маалым болду.

Дүйнөлүк банктын божомолуна караганда, Тажикстанда коронавируска чалдыккандардын саны 72 миңден 230 миңге чейин жетип, алты жарым миңден 21 миңге чейинки адам өмүрү кыйылышы мүмкүн.

 

COVID-19га каршы күрөшкөн республикалык штаб оорунун тарап кетишин токтотуу үчүн бир катар чараларды күчөттү. Бардык жарандар беткап менен гана көчөгө чыга алышат. Жогорку окуу жайлардын I, II, III курстарынын студенттери каникулга тарады. Мектептер менен бала бакчалар 27-апрелден 10-майга чейин чукул каникулга чыгышты.

 

30-апрелден тартып бардык базарлар жабылды.

 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттер жана коомдук саламаттыкты сактоо тармагынын адистери кирген миссиясы Душанбеге 1-майда келди.