Tesla компаниясынын акциясы 9 пайызга түшүп, Илон Масктын кирешеси 17 миллиард долларга төмөндөдү

Tesla компаниясынын акциясы 9 пайызга түшүп, Илон Масктын кирешеси 17 миллиард долларга төмөндөдү. Forbes басылмасынын маалыматына ылайык, мындай абал Илон Маск Tesla компаниясынын кызматкерлерин кыскартуу чечимин кабыл алгандан кийин катталды.

 

Анда Илон Маск жумуш ордун 10 пайызга, же  10 миң кызматкерге кыскартуу тууралуу билдирүү жасаган. Бүгүнкү күндө Илон Масктын байлыгы 216 миллиард 800 миллион долларды түзөт.