Токтогулдагы суунун көлөмү 10 миллиард куб метрден ашты

Токтогулдагы суунун көлөмү 10 миллиард куб метрден ашты.

 

Мындай маалымат “Электр станциялары” ишканасынын сайтына жарыяланды. Суунун агып кириши секундасына 1 миң куб метрден ашса, агып чыгуусу дээрлик 2,5 эсе аз болгон.

 

Эскерте кетсек, өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын басымдуу бөлүгүн аталган ГЭС иштеп чыгат. Кышка чейин жетиштүү суу топтолсо жылытуу мезгили ошончо жеңил өтөт.