Украинада эми аялдар дагы аскердик каттоого алынат

Украинада эми аялдар дагы аскердик каттоого алынат.

Коргоо министрлигинин аскер жашындагы эркектер менен бирге

бардык кызматтагы аялдарды дагы жашаган дареги боюнча аскердик

каттоодон өтүүгө милдеттендирген буйругу күчүнө кирди. Бирок кенже

класстардын мугалимдери, бийчилер жана кечил айымдар милдеттен

бошотулат. Каттоодон өтүүгө 2022-жылдын аягына чейин убакыт

берилет. Ал эми аскердик каттоого турбагандар айыпка тартылат.