Улуттук статистика комитети Кыргызстан калкын каттоого даярдык көрүүдө. Учурда ведомство кызматкерлери аймактарда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен жолугушууларды өткөрүп жатат.
Ушул жумадан тарта Улуттук статистика комитети ири PR-компанияны баштап, анын алкагында жарандарды жана турак-жай фондун каттоонун маанилүүлүгүн түшүндүрүү иштерин баштайт.
Эске салсак, Кыргызстан калкын каттоо ушул жазда өтөт.