Улуу британиялык басылма FourFourTwo Европа чемпионаттарынын тарыхындагы эң мыкты футболчуларды атады

Улуу британиялык басылма FourFourTwo Европа чемпионаттарынын тарыхындагы эң мыкты футболчуларды атады.

 

Биринчи орунда Испания курамасында ойногон Хави турса, экинчи орунда курамадагы анын кесиптеши Андрес Иньеста жайгашат.

 

Үчилтикти франциялык Зинедин Зидан бекитет. Мыктылардын тизмесине ошондой эле португалиялык Криштиану Роналду, испаниялык Икер Касильяс жана франциялык Мишель Платини кирди. Жалпысынан тизмеде 32 футболчу бар.