Улуу Британиянын тургуну пляждан баалуу сандык таап алды

Улуу Британиянын тургуну пляждан тыйындар жана асыл таштар салынган эски сандык таап алды.

38 жаштагы Дженни Фицджеральд үй-бүлөсү менен Норфолк округунда пляж тазалап жатып, кумга көмүлгөн сандыкка чалынып кеткен.

Анын ичинде жүзгө жакын тыйын болгон, алар негизинен Виктория жана 18-кылымдын аягында Британияны башкарган король Георг III мезгилине таандык.

Аялдын айтымында кээ бир монеталар орто кылымдагы жана байыркы Римдик көрүнгөн.

Сандыкта баалуу таштар, дат баскан чөнтөк сааты, эски атыр бөтөлкөсү, мөөр басылган шакек,

Эрнесттин аты чегилген күмүш ширеңке да болгон.