Ысык-Көл аэропортуна Алматыдан биринчи каттам келди

Бүгүн, 28-июнда Казакстандын Bombardier Q400 NextGen учагы менен Алматы — Ысык-Көл — Алматы багыты боюнча биринчи каттам Ысык-Көл эл аралык аэропортуна келип конду.

 

“Манас” эл аралык аэропорту” ААКтан билдиришкендей, Алматыдан Ысык-Көлгө учуу убактысы 35 мүнөттү, артка учуу 1 саатты түзөт.

Каттамдар жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.

Аталган багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча шаарыңыздагы туристтик агенттиктерге кайрылууну сунушталат. Каттамдын кардары Компас туроператору боуп саналат.

 

Эске сала кетсек, Компас туроператору жыл сайын 10 жылдан ашык катары менен Алматы – Ысык-Көл – Алматы багытында каттамдарды аткарып келет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.